Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.06.2018 12:50

Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиция кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды

Turmush -  Аксы районунда милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсык боюнча райондук сот чечим чыгарды.

Жол кырсыкта каза болгон мугалим Гүлям Аширбекованын атасы Райимберди Аширбековдун айтымында, Аксы райондук соту милиция кызматкерин күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.

«Райондук сот 29-майда милиция кызматкерининин ишин карады. Жыйынтыгында сот милиция кызматкерин күнөөлүү деп таап, аны 8 жылга эркинен ажыратты», - деди ал.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынгандыгын маалымдаган.

Ушул жылдын 10-февралында саат 18:00 чамасында болгон жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. ооруканага түшкөн.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери семинардан кайтып бара жатышкан. "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеке унаасы менен бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

12.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: РИИБдин кызматкери 2 айга камалды
12.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: 30 жаштагы Гүлазим жерге берилди, мугалимдердин бири оор абалда (фото, видео)
13.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Жол кырсыктан жараат алган Г.Таштанова окуя тууралуу айтып берди
19.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалимдин абалы турукташа баштады
01.03.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалим облустук ооруканага которулду
18.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсык боюнча иш сотко өттү
20.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсыктан катуу жабыркаган М.Ажыбаеванын учурдагы абалы (фото)
11.05.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсык боюнча иш сотто каралды
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×