Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.06.2018 15:22

Аксыда 7 айылды бириктирген жол 9 млн сомго асфальтталды (фото)

Turmush -  Аксы районунда 7 айылды бириктирген жол асфальтталды. Бул тууралуу райондук жол тейлөө ишканасынын башчысы Алмаз Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, көйгөй жаратып келген жол алгачкы жолу оңдолууда.

«Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 7 айылын бириктирген жолго асфальт төшөлдү. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 9 млн сом бөлүнгөн. Жол оңдоо иштери аяктап калды», - деди ал.

Кара-Суу айыл өкмөтүндө 9 айыл бар. Айыл өкмөттө 12 миңден ашуун калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×