Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.06.2018 16:04

Аксынын Кызыл-Капчыгай айылынын эли ФАПтын жетекчисине кайрадан нааразы

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылынын тургундары ФАПтын жетекчисине кайрадан нааразы болушууда.

Кызыл-Капчыгай айылынын тургуну Чынара Турсуналиева ФАПтын жетекчиси мыйзамсыз акча талап кылганын айтууда.

«Мен ооруп калганда ФАПтын жетекчисине телефон аркылуу байланышып, жардам берүүсүн сурандым. Бирок, ал абдан кеч келди. Келгенден кийин жалган ооруп жатасың деп урушту. Экөбүз кайым айтыша кеттик. Ал мени дарылаган соң менден акча талап кылды. Мен медициналык кызматкерлер алгачкы жардамды бекер көрсөтөрүн айтканымда, ал бекер дары жок экенин жана таксиге дагы акча төлөгөнгө милдеттүү экенимди айтты. Мен төлөөдөн баш тарттым. Бул окуя боюнча прокуратурага арыз менен кайрылдым», - деди Ч.Турсуналиева.

Ал эми ФАПтын жетекчиси Назгүл Сейталиева айыл тургуну айткан дооматтарды четке кагып, өзүнүн пикирин айтты.

«Чынара Турсуналиева аттуу тургун ооруп жатканын айтып чакырды. Бирок, менде унаа жок экенин айтсам, такси менен кел деди. Ал үчүн дарыны дарыканадан карызга алып барган болчумун. Таксинин акчасын төлөөдөн баш тартып, мага кыйкырды. Биз 1 жашка чейинки балдарга жана пенсионерлерге гана милдеттүү түрдө барып жардам көрсөтөбүз. Ооруган адамдар өздөрү келип, алгачкы медициналык жардам алып кетишет», - дейт Н.Сейталиева.

Буга чейин 2017-жылы Кызыл-Капчыгай айылынын тургунудары айылдагы ФАПтын жетекчисинин ишине нааразы болуп, анын иштен кетүүсүн талап кылышкандыгы маалымдалган. Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Расул Бөрүкулов ФАПтын жетекчисинин үстүнөн арыз түшкөнүн билдирген эле.

«Кызыл-Капчыгай айылындагы ФАПтын жетекчисинин үстүнөн арыз түшкөн. Арыздын негизинде ишти карап чыгабыз. Айыл элинин нааразычылыгы күч болууда. Мындан улам ал ишинен четтетилиши мүмкүн», - деген ал.

Кызыл-Капчыгай айылында 400гө чукул түтүн эл жашап, аларга жалгыз ФАП кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×