Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 27.06.2018 11:17

Ош—Бишкек жолунун таш көчкү түшкөн тилкеси тазаланып, жол бир тараптуу ачылды

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 421-433-чакырымдарына тоо боорунан түшкөн таш көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-июнь күнү унаа жолдун Аксы районундагы тилкесине жалпы көлөмү болжол менен 7000 метр куб таш көчкү түшүп, жолду жаап калган. Тазалоо иштерине №38 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, №30 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен кечээ, 26-июнда 03:00дө унаа жол бир тараптуу ачылып, жалпы 3500 метр куб таш шагылдар тазаланган. Жолду тазалоо жана кеңейтүү иш-чаралары бүгүн, 27-июнда улантылат.

Буга чейин Ош—Бишкек унаа жолунун Кара-Көл шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы тилкесинде 3 жерге таш көчкү түшүп, жолду тороп калганын Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирген.

Анын айтымында, жолдун көчкү жүргөн 433-чакырымында жол көзөмөлдөөчүлөр иш алып барган.

«Таш көчкүгө жакын жерде эки багытта тең жол убактылуу жабылды. Көчкү Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын ортосунда түшкөн. 1-2 саатта жол ачылары күтүлүүдө. Жол Ош—Бишкек жолун тейлеген ишкананын кызматкерлери тарабынан тазаланууда», - деген ал.

Кырсыктан адамдар жабыркаган жок.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×