Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксынын Жарды-Колот айылында сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады

Turmush -  Кечээ, 3-июлда Аксы районунун Жарды-Колот айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сел саат 19:00 чамасында жүргөн. Анын кесепетинен айылдагы сел өтүүчү каналдан суу ашып, Огонбаев, Осмонов жана Бейшеналиев көчөлөрүндөгү 16 үйдүн короосуна жана 3 үйдүн жер төлөсүнө кирген. Селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, сел өтүүчү сайдын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Үйлөрдүн чарбактарына жана жер төлөлөрүнө кирген сууларды тазалоо жергиликтүү тургундарга милдеттендирилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×