Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.07.2018 12:25

Кара-Суу айылында мектептин оңдоо иштерин мугалимдер жасоодо, - депутат

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айылындагы мектептин мугалимдери көп жылдардан бери мектептин оңдоо иштерин өздөрү жасап келишет. Бул тууралуу Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөөгө кеткен сырлар тендер аркылуу келет, бирок ишти бүтүрүү мугалимдерге жүктөлгөн.

«Негизинен жыл сайын мектептерде окуу жылы аяктагандан кийин оңдоо иштери жүрөт. Ага керектеле турган материалдар тендер жолу менен алынат, бирок оңдоо иштерин жүргүзүү мугалимдерге жүктөлгөн. Айрым мугалимдер окуу жылынын аягында эмгек өргүүгө чыкса дагы мектепке келип, оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгарышат. Айрым мугалимдердин жаш балдарын караганга эч ким жок болгондуктан, алар өзү менен кошо ала келип, класстын бир бурчуна баласын отургузуп коюп, актап-сырдоо иштерин жасашат. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттенби же ата-энелердин камкордук фондунанбы акча бөлүнсө жакшы болмок», - дейт депутат Т.Керимкулов.

Ал эми Аксы райондук билим берүү бөлүмү мугалимдердин оңдоп-түзөө иштерине кийлигишүүсүн четке какты.

«Негизинен мектептерде мугалимдер оңдоо иштерине толугу менен аралашпайт. Актап, сырдоо иштерин атайын техникалык кызматкерлерден бириккен бригадалар бүтүрүшөт. Ал эми мугалимдер жөн гана өздөрүнө бөлүнгөн класстарды текшерип, мектеп жетекчилигине өткөрүп беришет. Ал эми техникалык кызматкерлердин акысы ата-энелердин фондунан берилет. Учурда райондогу бардык мугалимдер эмгек өргүүдө», - дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурила Үркүнбаева.

Аксы району боюнча 65 мектеп бар, аларда иштеген мугалимдердин саны 2265ти түзөт. Ал эми район боюнча 27 миңден ашуун окуучу мектептерде билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×