Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.07.2018 16:27 Жаңыланды: 06.07.2018 17:57

Айыл турмушу: Аксылык студент Элиза жасаган буюмдарын сатуу үчүн дүкөн ачууну пландоодо (фото)

Turmush -  Аксы районунун тургуну Элиза Алишерова мончок жана шурулардан ар кандай бумдарды жасап, жакындарына белекке берип кубантат. Элет жериндеги жаш кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусуна чоң энеси жана кол эмгек сабагы чоң түрткү берген.

«Мындай кооз буюмдарды жасап баштаганыма төрт жылдай болуп калды. Мектепте окуп жүргөн кезде кол эмгек сабагынд эжейибиз ар кандай тапшырмаларды берчү. Ошол учурда үйгө келип, ар кандай жүз аарчыларды тигип, мектепке алып барчумун. Чоң энем кышында ар кандай байпактарды токучу. Кээде мен жанына отуруп алып, моюн орогучтарды токуп жүрүп үйрөнүп алдым. Кийинчерээк мектепте эмгек сабагы боюнча ачылган ийримдерге барып жүрүп, тигүүчүлүктүн сырларын үйрөнүп алдым», - дейт жаш кол өнөрчү.

Элиза учурда борбордогу И.Арабаев атындагы жогорку окуу жайда кыргыз тилчи адистигинде окуп жатат. Көп учурда өзү жасаган эмгектер менен факультеттер аралык сынактарга да катышып келет.

«Окуудан сырткары кийизден жумшак оюнчуктарды же ийне сайгычтарды, күнүмдүк турмушта да пайдалануучу буюмдарды жасайм. Ушул убакытка чейин жасаган эмгектеримди акчага баалап, сатып көргөн эмесмин. Көп учурда эмгектеримди жакын курбуларыма же туугандарыма белекке берем», - дейт Э.Алишерова.

Мындан сырткары, ал өзүнө окшогон кол өнөрчү кыздардын тобун түзүп, өздөрү жасаган буюмдарды саткан чакан дүкөнчө ачууну пландап жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×