Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.07.2018 12:52

Аксыда мал уурдоого шектелген адам үй камагына чыгарылды

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылында уй уурдап аны сатып жатканда кармалган шектүү суракка алынгандан кийин үй камагына чыгарылды.

Укук коргоо органдарындагы булактар билдиргендей, шектүү 1 уйду торпогу менен уурдап сатып жатканда кармалган. Кызыл-Капчыгай айылынын тургундары мал уурулукка шектелген адамды 18-май күнү базардан кармап алышкан.

Андан кийин милиция кызматкерлери тарабынан шектүү камакка алынган болчу. Ошондой эле айыл тургундары жыйын өткөрүп, акыйкат териштирүүнү талап кылып, район жетекчилерине жана прокуратурага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×