Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.08.2018 10:32

Аксыда телефон менен сүйлөшүп жаткан тургунга чагылган тийип каза болду

Turmush -  Аксы районунда уюлдук телефон менен сүйлөшүп жаткан тургунга чагылган тийип, көп узабай каза болду. Бул окуяны ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, 12-августта эртең менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын 1980-жылы туулган тургуну Ш.Токтобек чөп чабууга кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 08:45 чамасында ага телефон чалуу болуп, ал сүйлөшүп жаткан. Жамгыр жаап жатканына байланыштуу ал бактын алдында турган. Ошол убакта ага чагылган тийип, ал ошол жерде каза болгон.

Анын артында 5 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×