Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.12.2018 12:06

Аксыда каратэ-до боюнча эл аралык мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай өспүрүмдөр арасында каратэ-до боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке өлкөнүн аймактарынан жана Казакстандан келген 250дөн ашык спортчу катышты.

«Мелдешке Алмата шаарынан «WSKF» командасы, Бишкек шаарынын, Ош облусунун командалары, Кара-Балта шаарынын «Барс» командасы, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын командалары, Улуттук каратэ-до федерациясы жана Аксы районундагы «Сетокан каратэ-до интернешнл» федерацияларынын спортчулары катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды», - дейт Аксыдагы «Сетокан каратэ-до интернешнл» федерациясынын президенти Бообек Нурматов.

Аксы райондук каратэ-до федерациясы 2 жыл мурун түптөлсө, учурда анда 200гө жакын өспүрүм машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×