Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 23.02.2019 10:42

Аксыда Кыргызстанга баңгизат алып келе жаткан документтери жок адам кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Атана айылында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган адам Мамлекеттик чек ара кызматынын чек арачылары тарабынан кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүнү пландаган.

Кармалган адамдын жанында өздүгүн тактоочу документтер болгон эмес. Ошондой эле аны текшерүү учурунда 10 грамм салмактагы баңгизат (болжолдуу гашиш) табылган. Тиешелүү документтер топтолгондон кийин кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ага тиешелүү чара көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×