Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.04.2019 10:50

Аксыда Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен 26 жаштагы жигиттин денеси изделип жатат

Turmush -  Кечээ, 2-апрелде Аксы районунун Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу жигит түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аны издөө иштерине жалпы 12 куткаруучу тартылып, бирок табылган жок. Бүгүн, 3-апрель күнү да издөө иштери улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×