Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.04.2019 12:40

Аксыда 4 жаштагы бала сууга агып кетти

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда 4 жаштагы бала сууга агып кетти. Булактардын маалыматы боюнча, окуя 27-мартта болгон.

Наристе Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Терме-Таш айылында Авлетим суусуна агып, денеси бир күндөн кийин — 28-март күнү табылган. Бул маалыматты Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Турдалы Момунбеков тастыктап, маркум жерге берилгенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×