Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.04.2019 18:15 На русском

Аксылык 4 каратэчи дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды, бирок каражат жок (сүрөт)

Аксылык каратэчилер
Аксылык каратэчилер

Turmush -  Аксы районунун каратэ-до федерациясынын 4 спортчусу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Бирок ал жакка барууга каражат жок. Бул тууралуу Аксыдагы «Сётокан» каратэ-до International федерациясынын президенти Бообек Нурматов билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын атынан бара турчу 20 спортчу тандалган, алардын ичинен төртөө Аксы районунун спортчулары.

«24-мартта Бишкек шаарында өткөн 13-дүйнөлүк чемпионатка тандоо мелдешинде Аксы райондук "Сётокан" каратэ-до федерациясынын спортчулары 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль утушту. Байгелүү орундарга илинген Аксы районунун 4 спортчусу ушул жылдын 15-июлунда Чехияда өтүүчү дүйнөлүк мелдешке жолдомо алган. Бирок ал жакка баруу үчүн ар бир спортчуга 120 миң сомдун тегерегинде акча керектелет экен. Спортчулар анча каражатты таба алышпайт. Учурда демөөрчү издеп жатабыз», - деди Б.Нурматов.

Аксы районунун «Сётокан» каратэ-до федерациясынын спортчулары алгачкы жолу дүйнөлүк беттешке жолдомо алышкан. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке 20 спортчу барат. Дүйнөлүк чемпионат 15-июлдан 25-июлга чейин созулат.

Дүйнөлүк чемпионатка бара турчу Аксы районунун спортчулары: Алымбек Нурманов, Бекмырза Алыбаев, Манап Мурат уулу жана Бообек Нурматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×