Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.05.2019 14:41 На русском

23 жылдан бери рак оорусу менен күрөшкөн Баатыр Баназаров көз жумду

Turmush -  Аксы районунун Кара-Төбө айылында жашап, 23 жылдан ашык убакыттан бери теринин рак оорусу менен жабыркап келген Баатыр Баназаров каза болду. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты.

Алардын маалыматына караганда, Баатыр Баназаров кичинекей кезинде ойноп жатканда бетине жыгач сайылып кетип, ошондон улам жаракаты рак дартына айланган.

Буга чейин апасы Сатыкан Баназарова уулунун жарасы күчөп кеткенин айтып: «Ооруканада жатып, көп дарыланды. Бара-бара көзүнө ириң жетип, Бишкектеги улуттук онкологиядан оң көзүн алып салышкан», - деген.

Жардамга муктаж болгон Баатыр Баназаровго кыргызстандыктар каражат чогултушуп, ал өткөн жылы чет өлкөгө барып дарыланып келген. Бирок абалы оор бойдон калганы айтылган.

Баатыр Баназаров 3-май күнү 35 жашында каза болуп, өзү өскөн Кара-Төбө айылында жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×