Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.05.2019 21:07

Аксыда согуштун 3 ардагерине акчалай сыйлык берилди

Turmush -  Аксы районунда Ата Мекендик согуштун 3 ардагерине 32 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Райондук администрациясынын кызматкери Мирлан Сагынбаев билдиргендей, аким Ыманберди Досбаев Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагеринен кабар алды.

«Ардагерлердин экөө Жерге-Тал айылында болсо, бир ардагер Итагар айылында жашайт. Аларга президент тарабынан 20 миң сом, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн атынан 2 миң сом, акимдин атынан 5 миң сом жана айыл өкмөт тарабынан 5 миң сом кошулуп, жалпы 32 миң сом акчалай сыйлык берилди. 3 ардагердин экөө 96 жашта болсо, үчүнчүсү 97 жашта. Аким ар бир ардагердин үйүнө барып, белектерди тапшырып келди. Мындан сырткары ооруктун 17 ардагерине дагы акчалай жардамдар берилди», - деди ал.

Аксы районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 3, ооруктун 17 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×