Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.05.2019 14:49

Аксыда журналист Ы.Мамытовдун элесине арналган спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучусу Кыялбек Ильяс уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдеш маркум журналист Ысмаил Мамытовдун жаркын элесине арналып уюштурулду.

«Маркум журналист Ысмаил Мамытовдун туулуп өскөн Мукур айылында өткөн мелдешке 100гө чукул спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө акчалай, баалуу белектер берилди. Мелдеш 2018-жылы дагы уюштурулган. Жыл сайын өткөрүүнү колго алып жатабыз», - деди ал.

Журналист Ысмаил Мамытов 2018-жылы оорудан улам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×