Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.05.2019 17:15 На русском

Аксыга которулган 7 маралдын алтоо дайынсыз экени айтылууда. Адистер эмне дейт?

Turmush -  Аксы районунун Авлетим токой чарбасынын Балтырканды коругуна Нарындагы коруктан алынып келген 7 маралдын алтоосу дайынсыз экенин активисттер айтып чыгышты. Бирок маралды алып келген тиешелүү тараптар бул маалыматты четке кагууда.

Активист Кундуз Усупбаеванын айтымында, учурда корукта жалгыз марал калды.

«2018-жылдын жай мезгилинде алынып келген маралдардан бирөө гана калды. Мен аларды көрөйүн десем көрсөтүп бере алышкан жок. Алар жашырып келе жатышат. Маралдар кароосуз калыптыр. Эмнеге жаныбарларга кайдыгер мамиле жасалды? Маралдарды кароосуз калтыргандар жоопко тартылабы?», - деди К.Усупбаева.

Ал маралдар коё берилген жердин айланасы тосулбай калганын дагы айтты.

«Негизи маралдар 2015-жылы эле алынып келиши керек эле. Бирок арадан 3 жыл өткөндөн кийин, 2018-жылы гана алынып келинди. Ага чет өлкөдөн долбоор аркылуу акча бөлүнүп берилген. Маралды алып келгендер долбоордо жазылгандарды аткарган эмес. Долбоордо марал жүрүүчү жердин айланасы тосулат деп көрсөтүлгөн. Тосулбай эле жайлоого коё беришип, эми бул үчүн эч ким жооп бербей жатат. Маралдар айылдарга чейин түшүп жүргөнүн тургундар дагы далилдешет. Азыр бир марал Сары-Челек коругунда жүрөт», - дейт ал.

Ал эми Авлетим токой чарбасынын башчысы Азатбек Маликбеков учурда токойдо 5 марал жүргөнүн айтты.

«Биз маралдарды кароого милдеттүү эмеспиз. Бирок көмөктөшүп карашып жатабыз. Учурда 5 марал жүрөт. Калганы эмне болгонун мен билбейм», - деди ал.

2018-жылдын июль айында Авлетим токой чарбасынын Балтырканды жайлоосуна Нарындагы коруктан 9 баш марал алынып келген. Маралдардын жетөө эркек болсо, экөө гана ургаачы экени айтылгандан кийин алынып келген маралдардын экөө кайра Нарынга алынып кеткен.


Коруксуз аймакта, кароосуз калган маралдар

Жалпы эсепте Авлетим токой чарбасына 7 марал коё берилсе, анын экөө айылга улам келип, жергиликтүү тургундар маралдар кароосуз калганын айтып чыгышкан. Маралдарды кароо милдетин алган аңчылыкка каршы кызматынын Аксы районундагы егери Эрмек Асаналиев маралдар толук жүрөт деп ишендирүүдө.

«Маралдар бир жерде эмес, ар кайсыл жерлерде чачырап жүрөт. Бирок саны түгөл. Маралдардын бири Сары-Челек коругунда. Айылга экөө түшүп келип жатат. Жума сайын жайлоого жеткирип жатабыз. Колго үйрөнүп калгандан улам айылга келүүдө. 7 баш марал бар. Көрсөтүп берүүгө даярбыз», - дейт Э.Асаналиев.

Аксыга келген маралдар алгач Авлетим токой чарбасына караган Алаң тоосуна коё берилмей болгон. Бирок ал жайлоо таш менен курчалгандыктан маралдарга кооптуу делип, Балтырканды коругу тандалып алынган.

«Маралдарды Кыргызстандын аймагында кайтаруу» долбоорунун жетекчиси Гамал Сооронкулов маралдар жүргөн жайыттын айланасын тосуу маселеси каралбай калганын белгиледи.

«Маралдар жүргөн жайыттын айланасын тосуу маселеси каралган эмес. Ошол себептен Алаң тоосуна коё берели деген элек. Ал жер аска менен курчалгандыктан тосуунун кереги жок болчу. Бирок бизге ал жерди бербей коюшту. Кийин Балтырканды жайытына алып барганбыз. Ал жайыттын айланасын тосуу маселеси каралбай калган», - деди ал.

Нарындагы коруктан Аксыга маралдарды алып келүүгө 6 млн сом бөлүнгөнү айтылган. Бирок долбоордун жетекчиси чет өлкөдөн 30 миң доллар бөлүнгөнүн, анын 13 миң доллары кайра кайтарылганын белгиледи.

«Бизге чет өлкөдөн 3 уюм акча бөлгөн. Жалпы 30 миң АКШ доллары келген. Бирок биз ал каражаттан 13 миң долларын кайтарып бердик. Себеби биз Алаң тоосуна маралдарды тик учак менен чыгарабыз деген элек. Ал жер бизге берилбегенден кийин тик учакка кетүүчү каражатты кайтарып бердик», - деди Г.Сооронкулов.

Буга чейин маралдардын бири Сары-Челек коругунун аймагында жүргөнүн тургундар айтышкан. Учурда маралдар ар кайсы жерде жүргөнү жана эки марал Байгашка-Терек айылына келип калганы айтылууда.

Аксы районунда 4 токой чарба жана 2 мамлекеттик корук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×