Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.05.2019 17:51

Аксынын Итагар айылынын жолуна биринчи жолу асфальт төшөлүүдө

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын жолуна биринчи жолу асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу айыл тургуну Ыманалы Аскаралы уулу билдирди.

Анын айтымында, айылдын 1 чакырым жолу толук асфальтталат.

«Итагар айылынын жолуна 2018-жылы асфальт төшөлөрү айтылып, кийин курулуш иши токтоп калган эле. Быйыл иш кайрадан улантылып, айылда биринчи жолу 1 чакырым жол асфальтталып жатат», - деди айыл тургуну.

Итагар айылында 200дөн ашуун түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×