Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.05.2019 22:00

Аксыда 2 млн сомго спорт аянтчасы курулду

Turmush -  Бүгүн, 21-майда Аксы районунда жаңы курулуп бүткөн спорттук аянтча пайдаланууга берилип, мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, райондун Ак-Жол айыл өкмөтүндөгү спорт аянтча волейбол жана футбол ойноого ылайыкташкан. Анын курулушуна айыл өкмөттүн тургундары салым кошуп, жалпы 2 млн сом жумшалган.

Ачылыш аземге карата айыл өкмөттөр арасында мелдеш уюштурулду.

Аксы районунда 11 айыл өкмөт, бир шаар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×