Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.05.2019 16:28 На русском

«Сары-Челек» мамлекеттик коругунун 60 жылдыгы белгиленди

Turmush -  «Сары-Челек» мамлекеттик коругунун 60 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган коруктун жетекчиси Эсен Ормоналиев билдирди. Анын айтымында, атайын илимий практикалык конференция уюштурулуп, анда коруктагы көйгөйлөр талкууланды.

«Биосфералык коруктун түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата «Илимий изилдөөлөрдүн корукту башкаруудагы орду» аталыштагы илимий практикалык конференция өткөрдүк. Ага илимий чөйрөнүн инсандары, коомдук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттери катышты. Конференцияда коруктун бүгүнкү көйгөйлөрү, аны чечүүнүн жол-жоболору талкууланды», - деди Э.Ормоналиев.

Биосфералык корук 1959-жылы түптөлгөн, анын жалпы аянты 23868 гектарды түзөт. Азыркы тапта корукта сүт эмүүчүлөрдүн 35, дарак-бадалдардын 112, канаттуулардын 157, чөптөрдүн миңден ашык түрү бар. Анын ичинен кызыл китепке кирген дарактардын 6, жаныбарлардын 6, канаттуулардын 16 түрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×