Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.05.2019 17:39

Аксыда окуучу кыз көз жарган окуядан кийин кызматкерлер окуудан өтүштү

Turmush -  Аксы районунда окуучу кыз көз жарган окуядан кийин айыл өкмөттүн кызматкерлерине окуу уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, айыл өкмөттүн социалдык коргоо кызматкерлери жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында райондук прокуратуранын демилгеси менен окуудан өтүштү. Анда аларга үй-бүлөлүк жана жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуунун, тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жол-жоболору үйрөтүлдү.

2018-жылы Аксы районунда 3 өсүрүмгө карата зордук-зомбулук фактысы катталган. Ушул жылдын апрель айында мектеп окуучусу көз жарган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×