Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.05.2019 08:08

Аксынын Ак-Дөбө айылындагы 10 жылдыктар мектепке алыстан каттаган окуучулар үчүн кичи автобус алып беришти. Сүрөт

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө айылындагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебин 2009-жылы аяктаган классташтар мектепке алыстан каттап окуган окуучуларды ташуу үчүн унаа алып беришти.

Уюштуруучулар билдиргендей, окуучулар мектепке 4-5 чакырымдан жөө каттап окуп келишкен. Алардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн унаа алып берүү демилгеленген. Классташтар аны колдоого алып, 200 миң сомдук кичи автобус алып беришти.

«Мектепти аяктаганыбызга 10 жыл болуп жатат. Ошол мааракеге карата 40 классташ бала каражат топтоп, мектепке кичи автобус белек кылууну эп көрдүк. Себеби айылдагы жаңы конушта жашаган 18 окуучу кыштын суук күнүндө жөө каттоого мажбур болушат экен. Ал көйгөйдү чечүүгө бел байлаганбыз. 200 миң сомго кичи автобус алдык.

Мындан сырткары 24-май күнү байге фонду 90 миң сомду түзгөн улуттук спорт оюндарын өткөрдүк. Ал эми мугалимдерибиз үчүн 26-май күнү ооз ачар уюштурууну пландап жатабыз», - деди 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Дилмурат Ашырматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×