Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 27.05.2019 11:12

Кербенде 10 жылдык бүтүрүүчүлөр 30дан ашык жакыр үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында мектепти аяктаганына 10 жыл болгон бүтүрүүчүлөр той өткөрүүнүн ордуна жакыр жашаган 30дан ашык үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 50дөй классташ жалпы 200 миң сомдой каражат жыйнашкан.

«Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү майрам өткөрүүнүн ордуна шаарда жана шаарга жакын жайгашкан айылдардагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесин алып, аларга ун, май, эт жана башка азык-түлүктөрдү тараттык. 10 жылдык кечебиз Рамазан айына туш келгендиктен сооп иш кылууну чечтик», - дейт уюштуруучулардын бири Бекзат Бекмуратов.

Мындан сырткары, ал 25-май күнү кичи футбол боюнча мелдеш уюштурушканын билдирип, 28-майда Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 5-класстан 11-класска чейинки окуучуларынын арасында баскетбол боюнча турнир өткөрүлөрүн кошумчалады.

2009-жылы аталган мектепти 4 класстан жалпы 100дөн ашык окуучу аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×