Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 30.05.2019 17:42

Аксыда быйыл 3 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болду

Turmush -  Аксы районунда быйыл 3 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Махабат Мырзаканова билдирди.

Анын айтымында, район боюнча 31 окуучу «Алтын тамга» аттестаты үчүн күч сынашкан.

«Аксы районундагы мектептерден акыркы 5 жылдан бери бир дагы окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ боло элек болчу. «Алтын тамга» аттестаты сынактын негизинде тапшырылгандыктан ага 31 окуучу ат салышып, жыйынтыгында 3 окуучу жеңүүчү деп табылды», - деди ал.

Аксы районунда 65 мектеп бар. Анда 11-классты 1367 окуучу, 9-классты 2121 окуучу аяктап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×