Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 31.05.2019 13:29 На русском

«Жылына 600 миң сомдой жыйналат»: Эки айыл өкмөт 5 миң гектардан ашык жайытты талашууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунда эки айыл өкмөт 5 миң гектардан ашуун жайытты талашууда.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, талаштуу жайыт жер мыйзамдуу түрдө Үч-Коргон айыл аймагынын балансында экени белгилүү болсо, ошол эле райондун Кара-Суу айыл аймагы аны четке кагып келет. Ал эми элдин малын жыйнаган малчылар, эки айыл аймактын талашуусунан жапа чегип келгенин айтышат.

Кара-Суу айылынын үстүндөгү жайлоого Үч-Коргон айыл аймагынан мал алып чыккан Алмаз Абышовдун айтымында, ага окшоп 20га жакын чабан ушул жакка жыл сайын катташат. Аларды мал-жандыктарга алынган акы маселеси кыйнап келет.

«Жыл сайын Үч-Коргон айыл элинин коюн жыйнап, мына ушул жайлоого чыгам. Өткөн жылы 300-350дөй кой алып чыккам, быйыл дагы ушундай эле санда алып жатам. Биздеги негизги көйгөй жол маселеси. Минтип кой менен көрүнгөн жерге түнөп, араң жетип барсак, ал жактан ар бир койдун башына 15 сомдон жайыт акысын алышат. Кайра жайлоодон түшүп келсең, жайыт комитетинин кызматкерлери «бизге төлөшүңөр керек, ал биздин балансыбыздагы жайыт жерлер» деп чыгышат. Эки жакка тең акча төлөп, ара жолдо калдык. Элден алган акчабыз аз болсо, аны да жайытка берип түгөтөт экенбиз. Мына ушул маселе чечилип калса, чабандарга абдан жакшы болот эле», - дейт чабан Алмаз Абышов.

Чабандар айткан көйгөйдү Кара-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин кызматкери да тастыктап, токой чарбанын тосмосунан өтө бергенде малчылардан, кой-эчкиге 15, уй жана жылкыга 50 сомдон алаарын айтты.

«Бул пост илгертеден бери бар. Мен бул жерге мал санакчы болуп ишке киргениме 7 ай болду. Менин милдетим келген чабандын малын санап, анын башына акча алуу. Айылдык кеңештин бекитип берген тарифи бар, ошол тарифтин негизинде кой-эчкиден 15 сомдон, уй жана жылкыдан 50 сомдон жайыт акысын алабыз. Өткөн жылы 600 миң сомдой акча түшкөн, аны биз мамлекетке төккөнбүз. Негизинен түшкөн каражат жайытка барчу жолду, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөөгө жумшалат», - деди Аркыт токой чарбасынын мал санакчысы Ырысбай Бабатаев.

Ал эми акча жыйноо фактысын Үч-Коргон жайыт комитети мыйзамсыз деп айтууда. Анткени Кара-Суу айыл аймагындагы 5 миң гектардан ашык жайлоолор Үч-Коргон жайыт комитетине ижарага берилген.

«Кашка-Суу, Кызыл-Суу, Корумду, Муз-Төр, Мала-Таш жана Кара-Кыр жайыттарында 5085 гектар Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн балансында турган жайыт жерлер бар. Бирок мен билгенден 2011-жылдан бери райондун эки айыл аймагы мына ушул жерди талашып келет. Буга чейин да аталган Кара-Суу айыл аймагынын эли жана жайыт комитети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз, бирок майнап чыкпай келет. Чабандар айтып жатышат, көпүрөнүн жанына пост коюп, ар бир малдын башына акча алып жатканы мыйзамсыз. Аталган жайыт жер биздин баланста болгондуктан Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн депутаттары сессияда карап, ар бир кой, эчкинин башына 10 сомдон, ал эми кара малдын башына 50 сом деп тариф иштеп чыккан. Бирок кара-суулук туугандар бул жактан тосуп, акча алгандыктан бүгүнкү күнү биздин казынага бир сом түшпөй, кыйынчылык жаралып жатат», - деди Үч-Коргон жайыт комитетинин төрагасы Байыш Мамыралиев.

Мындан сырткары ал аталган жайлоого Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн 50дөн ашуун чабан мал алып чыгаарын, бирок алар жайыт акысын Кара-Суу жайыт комитетине төлөгөндүгүнө байланыштуу жыл сайын мамлекетке 60 миң сомдон ашык каражат төгүүнүн ордуна, карыз болуп жатканын кошумчалады.

Бирок Кара-Суу айыл аймагынын башчысы айтылган сөздөрдү төгүндөп, жайыт акысы төлөнүп жатканын жана жайыттарды тактоо боюнча өкмөттүк деңгээлде комиссиялар түзүлүп, иштеп жатканын маалымдады.

«Жайыт акы боюнча айта турган болсом, 2009-жылдан тарта жайыт комитеттери түзүлө баштаган. Ошол жылдан баштап жайытка келген ар бир жандыктын санына жараша акча алынып келет. Ал эми менин угушумча бул жайыт 1946-жылы Кызыл-Жар совхозуна берилген. Анткени ал учурда аталган совхоздо койлор багылчу, ал койлор бул жакка жайлоого чыгышчу. Ал эми Кара-Суу айылынын эли ал кезде эчки баккандыктан, эчкиге ыңгайлуу деп бизге Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагынан жайыт берилген. Кийинчерээк Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң өкмөттүн токтому чыккан Анда жайыт кайсыл аймакка чектеш болсо, ошол аймакка өткөрүлүп, алар инфраструктурасына карашат деп айтылган.

Ошол себептүү биз жайыт пайдалануучулардан акча алып, шарт жаратып жатабыз. Акыркы жылдары алар бул биздин жайыт деп талашып жатышат. Биз силерде документтер жок деп айтып жатабыз, алар бизге айтышат. Ошентип Жогорку Кеңешке чейин бул маселе жетип, андан соң 2020-жылга чейин чечилсин деп, райондук комиссия түзүлгөн. Ал комиссия жыл сайын карайт, бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечиле элек», - деди Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Руслан Бекназаров.

Ал эми Аксы райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Зайырбек Боронбековдун айтымында, талашка түшкөн аймак Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жана Ак-Суу айылынын алыскы жайыты болуп эсептелет.

«Учурда талаш болуп жаткан жайыт жерлер союз учурунда (Ошол убактагы картографиялык материалдар боюнча) Кызыл-Жар жана Ак-Суу совхоздорунун пайдалануусунда болгон. Ал эми учурда жер балансы боюнча жогорудагы 5085 гектар жайыт жер Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда турган мамлекеттин запастагы жери болуп саналат. Бул маселени азыр деле Аксы райондук Мамкаттоо башкармасынан тактап алса болот. Ал эми чектешкен айыл өкмөткө өткөрүлүп берилсин деген өкмөттүн токтому чыккан эмес. Эгерде андай токтом чыккан болсо Мамкаттоо башкармасы картографиялык материалдарга жана жер балансына өзгөртүү киргизип, Кара-Суу айыл өкмөтүнө өткөрүп бермек», - дейт райондук Мамкаттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси З.Боронбеков.

Кара-Суу айыл аймагынын жайыт башчысынын берген маалыматына караганда, алардын карамагында 22 миң гектардан ашуун жердеги чабандардан 600 миң сомдон ашуун акча жыйналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×