Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 02.06.2019 10:29 Жаңыланды: 02.06.2019 15:14

Аксыда кароосуз калган маралдар егерь менен элди түйшүккө салды. Видео

Turmush -  Аксы районундагы Авлетим жайлоосуна Нарындан которулган маралдардын алтоо дайынсыз экенин активисттер айтып чыгышкан. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Авлетим жайлоосуна барып, маралдарды жеринен көрүп келүүгө аракет кылды.

Маралдар коё берилген Авлетим жайлоосу айыл өкмөттүн борборунан 30 чакырым алыс жайгашкан. Маралдарды көрүү үчүн активисттер менен егерлер биргеликте жайлоого барышты.

Нарындан которулган маралдар Балтырканды коругуна коё берилип, бирок анын айланасы тосулбагандан улам маралдар жайлоого жайылып кеткен. Маралдар бир токойдо болбогондон улам аларды көрүү оңойго турган жок. Малчылар күндө көрүп жатканын айтышканы менен аларды көрүү үчүн бир күн кечке жүрүп, 7 маралдын бирин араң көрдүк, деди кабарчы.

Бугу-маралдарды көрсөтүүгө барган Аксы районунун егери Бакыт Чынасылов маралдар толук экенин, аларды долбоор менен алып келгендер карабай кетип калганын айтып берди.

«7 баш марал Балтырканды жайлоосуна коё берилген. Учурда маралдар толук жүрөт. Бирок коруктун айланасы тосулбагандыктан Сары-Челек коругуна бирөө ашып кеткен. Калгандары ушул эле жайлоонун ар кайсыл жерин байырлап жатат. Маралдар бизге милдеттүү түрдө берилген эмес. Долбоор аркылуу алып келгендер карабай кетишти. Биз маралдар көбөйүп калсын деп өз эркибиз менен карап жатабыз», - деди Б.Чынасылов.

Егерлердин бири Эрмек Асаналиев маралдарды кышы менен айылдан жайлоого жеткиргенин белгиледи.

«Бир марал кышы менен Байгашка-Терек айылына түшүп, элди кыйнады. Жайлоого улам жеткирип жаттык. Ал адамдарга көнүп алгандыктан айылга келип калат. Негизи аны такай кароо бизге милдеттендирилген эмес. Маралдар Авлетим жайлоосунда көбөйүп калсын деген максат менен карап жатабыз. Долбоорго биз бир дагы жолу аралашкан эмеспиз. Бирок милдеттүү түрдө эле карап жатабыз», - дейт ал.

Буга чейин маралдар дайынсыз экенин айтып чыккан активист Кундуз Усупбаева долбоорду жетектеген адамдар элди күмөндүү ойго түрткөнүн айтат.

«Маралдар бир жерде эмес, ар кайсыл жерде жүрөт деп жатышат. Бир гана маралды көрө алдык. Чынын айтканда маралдар айланасы тосулган аймакка жайгаштырылышы керек болчу. Айланасы тосулбагандан улам маралдар кор болуп жатат. Ар кайсы жерлерде жүрөт. Долбоорду жазгандар маралдарды карап, аны көбөйтөбүз дешкен. Бирок Авлетим жайлоосуна жеткиришкенден кийин кетип калышты. Эгер маралдар жоголуп кетсе эч ким жоопкерчилик албайт. Эч бир тарапка милдеттүү түрдө өткөрүлүп берилген эмес. Долбоордон келген акчалар эмнеге жумшалганы белгисиз», - деди Усупбаева.

Бугу-маралдарды көчүрүү 2015-жылы «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун алкагында актер Леонардо Ди Каприонун каржылоосу менен башталган. Алгач долбоордо көрсөтүлгөндөй, бугу-маралдар Алаң тоосуна жайгаштырылмай болгон. Бирок ал жайлоонун айланасы таш менен курчалгандыктан коопсуздугу эске алынып, Балтырканды жайлоосу тандалып алынган.

17 миң АКШ доллардын изи

Бугу-маралдарды Нарындан Аксыга көчүрүү долбооруна 30 миң доллар бөлүнгөн. Бирок ал каражаттын 13 миң доллары кайра артка кайтарылган. Калган 17 миң доллар кайда жумшалды деген суроо жаралат.

Долбоордун жетекчиси Гамал Сооронкулов акчанын изи кайда кеткенин так айткан жок. Бирок ал долбоор толук аягына чыкпай калгандан улам бугу-маралдарды кароо каржыланбай калганын белгиледи.

«Долбоор толук аягына чыкпай калды. Себеби, көп тоскоолдук болду. Ошондуктан бизге чет өлкөдөн акчалар толук келбей калды. Эгер акча толук келгенде биз бугу-маралдарды карамакпыз. Бизге которулган каражат маралдарды эмдөө жана башка иштерине коротулган. Акчалардын кайда жумшалганы кагаз жүзүндө жазылган. Долбоор аягына чыкпагандан улам биз бугуларды карай албай калдык. Биз атайын адамдарга акча төлөп бере албаганыбыздан улам мамлекеттик кызматкерлер карап жатат. Биздин атайын топ ал маралдарды карап турууга даяр. Кайсыл убак болбосун барып карап турат», - дейт Г.Сооронкулов.

Нарындагы маралдар Аксыга бекер берилген. Алар атайын унаа менен Нарындан Аксыга алынып келинген. Жалпы 9 баш марал болсо, алардын бири узак жолдон келгенден улам өлүп калган. Дагы бири кайра Нарындагы корукка кайтарылган.

Авлетим токой чарбасы Сары-Челек коругу менен чектешет. Токой чарбанын аймагы 26 миң 568 гектарды түзөт. Токойдо кийик, элик, доңуз сыяктуу жапайы жаныбарлар бар.

Буга чейин Авлетим токой чарбасынын башчысы Азатбек Маликбеков токойдо 5 марал жүргөнүн айткан.

«Биз маралдарды кароого милдеттүү эмеспиз. Бирок көмөктөшүп карашып жатабыз. Учурда 5 марал жүрөт. Калганы эмне болгонун билбейм», - деген ал.

Буга чейин маралдардын бири Сары-Челек коругунун аймагында жүргөнүн тургундар айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×