Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 03.06.2019 18:06

Аксыдагы көчөгө жана булакка ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы ыйгарылды

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү борбордук көчөлөрдүн бирине жана айылдагы булакка белгилүү эстрада ырчысы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылышка ырчынын сахналаш достору, кесиптештери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, алар Гүлбү Ороскул кызынын эстелигин тургузуу маселесин талкуулашты.

«Өткөн жылы Авлетим айылдык кеңешинин депутаттарынын чечими менен айылдын борбордук көчөлөрүнүн бирине Гүлбү Ороскул кызынын ысымын ыйгарган болчубуз. Быйыл ырчынын туулган Коргон айылындагы Талды-Булак булагына анын ысымын ыйгарып, Гүлбү-Кыз Булак деп аталышын өзгөрттүк.

Андан кийин Гүлбү Ороскул кызынын жаркын элесине арналган эскерүү концерти болду», - деди Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдраманов.

Гүлбү Ороскул кызы 1976-жылдын 1-ноябрында Аксы районунун Авлетим айылында жарык дүйнөгө келген. Гүлбү Орозкул кызы «Балама», «Арзуу», «Булбулум», «Мажүрүм тал», «Агылам сага», «Менин өмүр жазым», «Эмне айып», «Ортомчу бизге Ысык-Көл» деген ырлары менен белгилүү болгон.

Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×