Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 07.06.2019 19:05

Аксынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө 35 млн сомго жаңы мектеп курулду

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, буга чейинки мектеп 2012-жылы ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган.

«Мектеп 1953-жылы ашар жолу менен курулган. 2012-жылы ӨКМ мектептин имаратын жараксыз деп тапкан. Бирок каражаттын жоктугунан улам окуучулар билим алууну улантып келишкен. 2016-жылы жаңы мектептин курулушу башталып, тендерден «Ош МК курулуш» компаниясы 35 млн 774 миң сом утуп алган.

2018-жылы имарат толук бүтүп, окуучулар жаңы мектепте билим алууну улантышкан, бирок спорт зал жана ашкананын курулушу бүтө элек болчу. Азыр толук бүткөрүлүп, айыл элинин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жабдуулар алынды. Жаңы мектеп 2 кабаттан турат, анда 252 окуучуга 17 мугалим билим берет», - деди Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нурликан Тилекматова.

Жаңы курулган мектепке Аксы районунун мурунку акими Эркин Арстанбаевдин ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×