Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 12.06.2019 11:51

«Сары-Челек» коругуна аңчылыкка кирген 3 адамдан суурдун эти табылды

Turmush -  «Сары-Челек» мамлекеттик коругуна мыйзамсыз аңчылыкка кирген 3 адам кармалып, алардын жанынан 2 суурдун эти табылды. Бул тууралуу коруктун директору Эсеналы Ормоналиев билдирди.

Анын айтымында, алардын жанынан 2 сайлуу мылтык дагы табылган.

«8-июнь күнү «Сары-Челек» мамлекеттик коругунун Сары-Челек токой бөлүмүнө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 3 тургуну мыйзамсыз аңчылыкка кирген. Коруктун 5 кызматкери аларды колго түшүрдү. Мыйзамсыз аңчылыкка кирген адамдардын жанынан ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык табылган.

Мындан сырткары алардын жанынан эки суурдун эти чыккан. Коруктун аймагында аңчылык кылууга аракет кылгандарга протокол түзүлүп, Аксы РИИБге өткөрүлүп берилди», - деди Э.Ормоналиев.

«Сары-Челек» биосфералык коругу өзгөчө корголуучу аймакка кирет. Коруктун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар жыл сайын катталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×