Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 18.06.2019 10:13 На русском

Аксыда мас киши колго жасалган тапанча менен айылдашына ок аткан

Turmush -  Аксы районунун аймагында эки эркек кишинин ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен ок атылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя ушул жылдын 11-июнь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Аксы районунун 1967-жылы туулган тургуну М.Ж. ошол эле райондун 1977-жылы туулган тургуну Д.у.Т.га ок аткан. Ошол учурда окуянын күбөсү ок чыгарган М.Ж.га тоскоол болгон жана анын натыйжасында ок мээленген жерге тийбей, башка тарапка атылган.

Аталган факт 12-июнда Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Аксы районунун тургуну М.Ж. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды кыркып, тапанча жасап алгандыгы жана окуя болгон күнү мас абалда болгондугу аныкталган.

Шектүүнүн айтымында, ал колго жасалган ок атуучу куралды 2004-жылы Аксы районунун 1967-жылы туулган тургуну А.Т.дан белекке алган. А.Т.нын өздүгүн аныктоодо ал 2012-жылы каза болгондугу белгилүү болгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×