Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 18.06.2019 13:41

Аксыда жаш кызды сүзүп кеткен айдоочу изин жашырган (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунда жолдун четинде бара жаткан кызды унаасы менен сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуя кечээ, 17-июнда Кербен—Шамалды-Сай унаа жолунун 76-чакырымында катталган.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Үч-Коргон айылында жолдун четинде бара жаткан 1994-жылы туулган А.Н.ны кызыл түстөгү унаа артынан сүзгөн. Унаанын айдоочусу окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Ал эми жабырлануучу Шамалды-Сай шаарчасындагы аймактык ооруканага жеткирилген.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү катары Аксы районунун Жаңы-Жол айылынын 1990-жылы туулган тургуну У.Н. кармалды. Ал изин жашыруу максатында унаасын Үч-Коргон айылынын тургуну Р.Р.нын үйүнө токтотуп койгон.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×