Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 19.06.2019 15:53

Аксыдагы алтын бар жайлоо эс алуучу жайга айланды (сүрөт)

Кара-Камыш көлү
Кара-Камыш көлү

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү талаш жараткан Кара-Камыш жайлоосу туристтик жайга айланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, Кара-Камыш көлү учурда эс алуучуларды кабыл алууда. Ал жайлоодо 2018-жылы айтыш өткөрүлгөн. Ошол учурда жайлоонун жолу оңдолуп, кийин айыл өкмөт башчы Руслан Бекназаровдун «кенди өзүбүз сатабыз» деген аудио жазуусу интернетке тараган. Бирок кийин айыл өкмөт башчысы кенди ачууга кызыктар эмес экендигин айткан.

Интернетке тараган аудио жазууда айыл өкмөт башчы Руслан Бекназаров кытайлык инвестордун өкүлү менен 7 мүнөттөн ашык сүйлөшкөн. Сүйлөшүүдө кенди айыл өкмөт өзү ачарын, ага атайын инвестор дагы табылганы айтылган.

Ошондой эле айыл өкмөт башчы инвесторлордон 1,5 млн сом алганы ачыкка чыккан.

Руслан Бекназаров инвесторлор акчаны өз калоосу менен бергенин, анын кенди ачууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ал интернетке тараган сүйлөшүү ага таандык экенин дагы танган эмес.

«Кара-Камыш жайлоосуна баруучу жолду айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн каражат менен оңдоп түздөдүк. Алтынды ачууга эч кандай кызыкчылык жок. Ал жерге турист тартуу максатында акындардын айтышын уюштурдук. Өкмөттөн бул зонаны туристтик аймак кылып берүүнү өтүнгөнбүз», - деген Р.Бекназаров.

Кара-Камыш кенин иштетүүгө уруксат алды деген «Султан Голд» компаниясы кенди чалгындоо үчүн 2014-жылы лицензия алып, 11 гектар жердеги 32 килограмм алтынды чалгындоого уруксат алган. Бирок компания техникаларын алып келген учурда эл чогулуп киргизбей, техникасын жолдон өткөрбөй койгон.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Камыш, Моло-Таш жайлоолору 8 жылдан бери Үч-Коргон, Ак-Суу жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн арасында талашка түшүп жатканын жазган. Маалыматты толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.




Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×