Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 19.06.2019 17:05 На русском

Аксыдагы сууга чөгүп кеткен кыздын туугандары анын денесин табуу үчүн Нарындын суусун азайтып турууну суранып жатышат

Turmush -  Аксы районундагы Нарын айылындагы Нарын дайрасына агып кеткен 13 жаштагы Замиранын (аты өзгөртүлдү) жакындары анын денесин табуу үчүн Нарын дарыясындагы сууну азайтуу маселесин карап берүүнү суранышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, кыз 16-июнда дарыяга агып кетип, ошондон бери табылбай жатат. Аны издөө иштерине 50гө жакын жергиликтүү тургун, ӨКМдин куткаруучулары тартылган.

«16-июндан баштап издеп жатабыз. Азыр айылда ким бош болуп калса окуя болгон жерге барып, суудан карындашыбызды издеп жатабыз. Буга чейин айыл өкмөткө кайрылганбыз. Чын эле 3 күндөн бери дарыядагы сууну 1-1,5 метрге чейин 2 саат аралыкка тартып берип жатат. Бирок ал жетишсиз болууда. Бүгүн дарыяда суу көп, суу тартылган жок. Эгер сууну 2-3 метрге чейин тартып бергенде дарыядагы чоң таштардын түбүн карап алууга шарт жаралмак», - деди издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургун Нуржигит Болсунбек уулу.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев 3 күндөн бери Үч-Коргон ГЭСнин башчысына кайрылып жатканын, бирок бул мыйзамга туура келбестигин айтты.

«Чөгүп кеткен өспүрүм кыздын окуясынан кийин анын жакындары бизге ГЭСтеги сууну бир аз азайтып туруу боюнча кайрылышты. Алардын суранычын четте калтырбай ГЭСтин жетекчилигине кайрылып, 3 күнгө гана суранганбыз. Кечээ акыркы күн болчу. Ага чейин күндө сууну 1 метрден ашык тарттырып караганбыз. Издөө иштерине өзүм да катыштым», - деди Мураталиев.

Үч-Коргон ГЭСинин башчысына байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Район акими Ыманберди Досбаев Замираны издөөгө кошуна өзбек тараптын куткаруучулары да көмөктөшүп жатканын билдирди.

«Нарын дарыясы кошуна Өзбекстанга агып киргендиктен чек ара бекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар дагы өз тарабында издөө иштерин жүргүзүүдө. Биздин суучулдар да алар жакка өтүп, иш алып барышат», - деди Досбаев.

Ал эми аты-жөнүн атагысы келбеген жергиликтүү тургун азыркы тапта Зареманын жакындары үйүндө аза күтүп жатышканын айтат.

«Бул кыз айылга таенесинин кыркына келиптир. Анан туугандарынын 3 кызы менен чогуу Нарын дарыясынын жээгине барып сүрөткө түшмөкчү болушкан экен.

Айылдагы элдин айтымында, үчөө тең сууга кулап, алардын кыйкырыгын жакын жерде палас жууп жаткан жашоочу көрүп, эки кызды куткарып калган. Ал эми Замира менин пикиримде муздак сууда тарамышы тартылып, суунун түбүнө чөгүп кеткен. Азыр үйүндө аза күтүп жатышат. Биз Замиранын апасынын абалын сурап чыктык. 2 агасы Россияда иштеп жатышкан. Ал З бир туугандын кенжеси, жалгыз кыз эле», - деди атын атагысы келбеген жегиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×