Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 21.06.2019 11:07

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 21-июнда саат 00:50 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Аксы районунун Кербен шаарында 3 баллга, Мундуз, Күлүк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Кашка айылында 2 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×