Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 24.06.2019 16:48

Аксыда күйөөсү аялынын курсагына бычак сайды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районунда 45 жаштагы аялга өзүнүн күйөөсү бычак сайгандыгын аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти. Маалым болгондой, окуя 20-июнь күнү болгон. Аял ооруканага жеткирилген.

Аксы райондук аймактык оруканасынан ырасташкандай, бычак жеген аял сыныктар бөлүмүндө дарыланууда. Учурда абалы жакшы.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы аялына бычак сайган киши 2 айга камакка алынганын билдирди. Үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам күйөөсү аялынын курсагына бычак сайган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×