Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 24.06.2019 18:01

Бычак өпкө, боор, ашказанга чейин жеткен: Аксыда өзүнө бычак сайган адам аман калды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Падыша-Ата айылында өз өмүрүнө кол салган 35 жаштагы адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, оң капталына бычак сайган. Аксы аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кылыч Буланбеков жабырлануучу оор абалда келгендигин белгиледи.

«Бизге Падыша-Ата айылынын С.Т. аттуу тургуну оор абалда келген. Ага операция жасадык. Оң капталынан кабыргаларынын арасына бычак кирип кеткен. Бычак оң өпкө, боор, ашказанга чейин жетип, курсак көңдөйүндөгү этти тешип өткөн. 4 саат операция жасалып, аман калды. 35 жаштагы бейтаптын абалы жакшы болгондон улам ооруканадан үйүнө чыгып кетти», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, бирок аман калганын ырастады. Окуя 9-июнь күнү болгон. Учурда бул иш териштирилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×