Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 02.07.2019 16:20

Аксыдагы мамлекеттик кызматкерлердин балдары лагерде эс алууда

Turmush -  Аксы районундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин балдары «Сары-Челек» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алып жатышат. Бул тууралуу райондук муниципалдык жана коомдук тейлөө профсоюзунун төрагасы Мурат Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл аталган борбордо жалпы 120 бала эс алат.

«Учурда 60 бала «Сары-Челек» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алууда. Экинчи этап менен 60 бала барат. Буга чейин жылына 40 эле бала эс алууга барчу. Быйыл алардын саны 120га жетет. Ар бир баланын 10 күндүк эс алуусу үчүн 3713 сомдон каралган», - деди ал.

«Сары-Челек» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору 3 жылдан бери жайкысын иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×