Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 03.07.2019 10:39 На русском

«Сүрөткө түшмөк»: Дарыяга агып кеткен кыздын денеси Өзбекстандан табылды

Turmush -  Аксы районунда Нарын дарыясына агып кеткен 13 жаштагы Замиранын (аты өзгөртүлдү) денеси 15 күндөн кийин Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, анын сөөгү 1-июлда «Маданият» өткөрмө бекетинен Кыргызстанга өткөрүлүп, жерге берилди.

«15-июнь күнү таенесинин кыркына апасы менен Бишкектен келген 13 жаштагы өспүрүм кыз кокустан Нарын дарыясына кулап кетип, аны издөөгө ӨКМдин куткаруу кызматынан куткаруучулар тартылган болчу. Издөө иштеринен жыйынтык болбогондон улам убактылуу токтотулган. Биздин районго кечээ коңшу Өзбекстандын Андижан облусунан телефон чалуу болуп, Баликчи районунда суудан белгисиз өспүрүм кыздын денеси табылганы кабарланган. Биз кыздын туугандары менен өткөрмө бекетке барып, саат 18:30да денени чек арадан алып өтүп, саат 21:00 чамасында жерге бердик», - деди Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев.

Буга чейин Аксыда 16-июнда өспүрүм кыз дарыяга агып кетип, табылбай жатканы, анын туугандары Нарын дарыясындагы сууну Үч-Коргон ГЭСинен азайтып турууну суранып жаткандыгы маалымдалган. Аны издөө иштерине 50гө жакын жергиликтүү тургун жана ӨКМдин куткаруучулары тартылган.

Окуя тууралуу:

17-июнь күнү Turmush басылмасы дарыяга чөгүп кеткен 13 жаштагы кыз апасы менен бирге таенесинин кыркына баргандыгын тактаган.

Аты-жөнүн атагысы келбеген жергиликтүү тургун: «Замира айылга таенесинин кыркына келиптир. Анан туугандарынын 3 кызы менен чогуу Нарын дарыясынын жээгине барып сүрөткө түшмөкчү болушкан экен.

Айылдаштардын айтымында, үчөө тең сууга кулап, алардын кыйкырыгын жакын жерде палас жууп жаткан жашоочу көрүп, эки кызды куткарып калган. Ал эми Замира менин пикиримде муздак сууда тарамышы тартылып, суунун түбүнө чөгүп кеткен. Азыр үйүндө аза күтүп жатышат. Анын 2 агасы Россияда иштеп жатышкан. Ал З бир туугандын кенжеси, жалгыз кыз эле», - деп билдирген.

Ал эми район акими Ыманберди Досбаев Замираны издөөгө кошуна өзбек тараптын куткаруучулары да көмөктөшүп жатканын билдирген болчу.

«Нарын дарыясы кошуна Өзбекстанга агып киргендиктен чек ара бекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар дагы издөө иштерин жүргүзүүдө. Биздин суучулдар да алар жакка өтүп, иш алып барууда», - деген Досбаев.

Сууга чөгүп кеткен Замира Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү №42 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. 2018-2019-окуу жылында турмуш шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп кетишип, окуусун ошол жерден уланткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×