Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 03.07.2019 12:01

Аксыда адашып кетип, ыйлап жүргөн 1,5 жаштагы кыздын ата-энеси табылды

Turmush -  Аксы районунда көчөдө ыйлап жүргөн 1,5 жаштагы кыздын ата-энеси табылды.

Кербен шаарынын Медер аттуу тургуну билдиргендей, 2-июль күнү саат 14:00 чамасында А.Кыдыралиев көчөсүндө 1,5 жаштагы наристе жалгыз ыйлап жүргөн жеринен табылган. Ал сүйлөй албагандыктан тургундар интернет аркылуу анын жакындарын табууга жардам сурашкан.

«Наристе кимдин кызы экени белгисиз болуп, коомчулуктан жардам сураганбыз. Кызды милиция кызматкерлери алып кетип, 3 сааттан кийин ата-энесин таап, ага өткөрүп беришти», - деди тургун.

Аксы райондук милициясы наристе адашып, көчөдө ыйлап жүргөнүн, аны ата-энеси алып кеткенин ырастады.

Потерявшаяся 1,5-годовая девочка из Аксы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×