Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 03.07.2019 15:30

Сүрөт — Аксыда элеттик аялдардын күнүнө арналган конференция өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагында 2-июлда «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасынын алкагында элеттик аялдардын күнүнө арналган конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Кыргызстандын аймактарындагы активисттер, БУУнун Аялдар түзүмү, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы, Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева, Аксы районунун акиминин орун басары, айыл өкмөт башчысы жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облусундагы ишкер айымдар катышты.

Алгач иш-чара 100гө чукул айымдардын катышуусунда флешмоб менен башталды. Ага катышкандардын бири — Токтогул районунун Торкен айыл аймагынын 63 жаштагы тургуну Гүлмира Касымалиева бийден жакшы таасир алганын айтат.

«Ар бир адам эртең менен кыймыл аракеттерди жасап турса өзүн жакшы сезип, жеңил жүрөт экен. Мен биринчи ирет көнүгүүлөрдү жасадым. Мага жакты. Эми аны неберелериме дагы үйрөтөм», - дейт ал.

Конференция Элеттик аялдардын күнүнө арналып, анда аялдардын экономикалык, саясий, социалдык абалы, ийгиликтери менен көйгөйлөрү жана экономикалык укуктары, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жолдору талкууланып, катышуучулар андан мотивация жана шык алганын белгилешти.

Маалым болгондой, БУУнун аялдар түзүмү менен Жалал-Абад облусунда жалпы 65 өз ара жардамдашуу топтору түзүлгөн. Буга миңден ашуун жаран кошулган. Аларга гендердик тендештик, эл аралык нормативдер, ишкерликтин негиздери, аялдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында тренингдер өткөрүлгөн.

Долбоордун максаты — элеттик аялардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасы боюнча өз ара жардамдашуу топтору аркылуу ийгиликке жетишкен аялдардын эмгегин даңазалоо.

«Элеттик аялдар күнүнө карата республикалык деңгээлдеги конференцияны БУУнун Кыргызстандагы аялдар түзүмүнүн колдоосу менен өткөрүп жатабыз. Саамалыкка бийлик өкүлдөрү, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан келген ишкер айымдар катышып, алар өздөрү жасаган түрдүү буюмдарын жана таттууларын азык-жармаңкеге коюшту», - деди уюштуруучулардын бири С.Жойболотов.

Өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен 18-июнь — Элеттик аялдар күнү деп белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×