Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 04.07.2019 20:17 На русском

Классташ жигиттер жаңы сатып алган унаа менен Чычкан суусуна түшүп кетишти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксылык 22 жаштагы классташ жигиттер жаңы сатып алган жеңил автоунаа менен бара жатып, Чычкан суусуна түшүп кетишти. Кырсык бүгүн, 4-июлга караган түнү болгону Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаадагы жигиттер Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие айылында 1997-жылы төрөлгөн. Алардын биринин жансыз денеси сууга калкып чыгып калганын Чычкан суусунда балык кармап жүргөн адамдар көрүшкөн.

Ал эми маркумдун туугандарынын айтымында, классташтар Москва шаарында иштеп жүрүп, Бишкекке келишкен. Борбордон унаа сатып алып, айылына келе жатышкан.

Унаадагы 2 адамды туугандары кезектешип издеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×