Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусуАксы району 07.08.2019 09:18

Аксынын Сыны айылында алгачкы жолу жолго асфальт төшөлдү

Turmush -  Аксы районунун Сыны айылында алгачкы жолу жолго асфальт төшөлдү.

Аксы райондук администрациясынан билдиришкендей, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Сыны айылындагы 1 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Жолду асфальттоого республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Буга чейин Сыны айылынын тургундары жолунун абалы начар экенин айтып, Жогорку Кеңештин депутаттарына арыз менен кайрылышкан болчу.

Сыны айылы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн борборунан 10 чакырым алыс жайгашкан. Тоолуу жана шарты катаал айылдардын катарына кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×