Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 24.08.2019 17:35 На русском

Баткендеги чек арада тажикстандыктар асфальт төшөлүп жаткан жол үчүн нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 24-августта 20га жакын тажик жарандары Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында курулуп жаткан жолго нараазычылык билдирип чыгышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар «Силер эмне үчүн Бакай участкасын эмес, Көк-Таштын жолун асфальттап жатасыңар? Кол коюлган протоколдо биринчи Бакай участкасы, анан Көк-Таш участкасы курулушу керек эле» деп нараазычылык билдиришти.

Учурда Кыргызстандын чек арачылары менен тажик тараптын чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Буга чейин Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун 3-4-чакырымында асфальттоо иштери жүрүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×