Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.09.2019 12:29

Кореядагы мелдеште алтын медаль уткан балбан Мадаминбек эмнеге нааразы?

Turmush -  Балбан Мадаминбек Шаршеналы уулу Кореяда өткөн уруш өнөрүнүн бүткүл дүйнөлүк оюндарында алтын медаль тагынып кайтты. Өлкө намысын коргогон спортчу менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мелдешке Кыргызстандын атынан 6 спортчу катышкан.

«29-августта башталган мелдеш Түштүк Кореяда өтүп, ага Кыргызстандын атынан жалпы 6 спортчу катыштык. Мен спорттун алыш күрөш түрү боюнча 80 кг салмакта күч сынашып, алтын медаль тагындым. Жеңишке жетүү оңой болгон жок. Биринчи беттеште польшалык балбан менен күрөштүм, экинчи айлампада өзбекстандык спортчу менен беттешип, үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болгон түркмөнстандык балбан менен күрөштүм. Ал атаандашымды жыгуу мен үчүн бир аз кыйынчылык жаратты. Ал эми финалда эстониялык балбан менен беттештим. Мелдеш калыс болду», - дейт спортчу.

Балбан элеттеги спортчуларга көңүл бөлүнбөй жатат деп эсептейт.

«Кореядан келгенде борбордон бизди аябай жакшы тосуп алышты. Ал эми кичи мекеним болгон Аксыда аким калпак жана чапан кийгизип узатты. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы 10 миң сом сыйлык берди. Айылда спортко кызыккан жаштар эскилиги жеткен маданият үйүнүн бир четине эски килемди салып, машыкканга аракет кылып жатышат. Ушундан көрө ошол жаштарга көңүл бөлсө жакшы болмок», - деди М.Шаршеналы уулу.

22 жаштагы Мадаминбек 8 жашынан тарта кыргыз күрөшү менен машыгып келет. Буга чейин алыш күрөш боюнча Азия чемпиону жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болгон. 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында 70 кг салмактагылар арасында коло медалга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×