Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.09.2019 16:09 На русском

«Операцияга чогулган акчаны алдап кетишти»: Индияга барган Айжамал ара жолдо калды. Видео

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Айжамал Калыева операциясы үчүн чогулган акчаны марафондун уюштуруучулары алдап кетишкенин билдирди.

Айжамалдын апасы Албина Абдрахманованын айтымында, кызы акыркы эки жылдан бери альвеококкоз оорусу менен жабыркап келет. Ушул жылдын 22-августунда операция жасатуу үчүн Индияга учуп кеткен. Операцияга кетчү чыгым марафондон чогултулган, бирок уюштуруучулар аны берген эмес.

«Кызыбыздын абалы начарлап бара жатканда кайрымдуулук концерт уюштуруп жүргөн Рысбек Эшимкулов менен тааныштык. Алар операцияга кеткен чыгымдарды элден чогултуп беребиз деп, алгачкы марафонго баннер, билет даярдоого 20 миӊ сом бергенбиз. Андан кийин алар акча чогултулуп жатканын айтышкан. Кызым Индияга кетерге жакын үйүбүздү күрөөгө коюп, дагы 300 миӊ сом бергенбиз. Кызымды Дели шаарына алып кетишкенден кийин дагы 3 миӊ доллар салгыла дешти. Көрсө Рысбек кызымды Индияга акчасы жок эле алып барып, бизден каражат сурап жатыптыр», - деди Албина Абдрахманова.

Ал кызы учурда Индияда ооруканага көрүнө албай же Кыргызстанга кайтып келе албай, ара жолдо калганын айтат.

«Кайрымдуулук концерт өткөргөн адамдарга алданып калганыбызды эми түшүндүк. Алар концерттен түшкөн акча менен биз берген акчаны бөлүп алышыптыр. Кызымдын аркасынан 12-сентябрда Индияга учуп бардым. Ал жакта Рысбектен кабар алганымда аны милиция кызматкерлери кармап кеткенин уктум. Азыр дарыгерлер Айжамалдын жашоосуна 1 ай убакыт калганын, оорусу күчөгөнүн айтышты. Операция кыла албай же Кыргызстанга кайтып келе албай, орто жолдо калдык. Кыргыз элимден жардам суроого аргасызбыз», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Түп районунун Кең-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Айжамал Калыева 2017-жылдын сентябрь айынан бери альвеококкоз (боор оорусу) илдетинен жабыркап келгени тууралуу жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×