Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 19.09.2019 13:36 На русском

«Кудалашып койгонбуз»: Үйлөнгөнү жаткан Нурболот чет өлкөдөн досунун тоюна келгенде каза болду. Видео

Маркум Нурболот
Маркум Нурболот

Turmush -  Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылынын 26 жаштагы тургуну Камчы уулу Нурболот 9-сентябрь күнү теңтушу тарабынан сабалып каза болгон. Ал 8-сентябрь күнү кошуна айылдагы досунун тоюна барган жана ошол жерде Шумкар (аты өзгөртүлдү, Ш.) аттуу досу экөө уруша кетишкен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун ата-энеси билдирди.

Алардын айтымында, мушташтын кесепетинен Нурболот баш сөөгүнөн жаракат алып, мээсине кан уюп калган. Апасы Айнура Асанова уулу тойдон келгенден кийин «жыгылып кеттим» деп жаракатын жашырганын айтты.

«Уулум 5-ноябрда 26 жашка толмок. Оштогу окуу жайлардын биринде окуп жатканда карындашы да студент болуп калды. Айлыкка иштеген үй-бүлө болгондуктан эки студенттин окуусун каржылоо кыйынга турду. Ошондо балам: “Апа, карындашымды окута бериңиздер, мен сиздерге жардам берейин” деп, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Россиянын Санкт-Петербург шаарына иштегени кеткен. 3 жыл ошол жакта иштеп жүрдү. Былтыр Кыргызстанга келгенде үйлөндүрүп коёлу десек, "жумушум жакшы болуп жатат" деп кайра кетип калган. Быйыл айылдашыбыз менен кудалашып, уулубузду Кыргызстанга чакырдык. 2-3 ай чакырып жатып, Нурболот ушул жылдын 26-августунда келген. 8-сентябрь күнү досунун тоюна кеткен. Кечки саат 18:00 чамасында кошунамдын үйүнөн барсам, балам тапчанда жатыптыр. Баш жагын карасам, чекеси кичине шишип калыптыр. “Балам, эмне болду?” деп сурасам, “кафель тайгалак экен, жыгылып түштүм” деди. Бут кийиминин таманын карасам тайгалак эмес. Башына муз бастым. Кийин өзү дагы башына муз басып, анан башындагы шишик тарап калгансыды. Өзүнүн бөлмөсүнө кирип жатты. Колунан кармасам муздак, "ооруп калган окшойм" деди. Эртең менен тамак жасап, уулума ичирдим. Тамак ичип бүткөндөн кийин эле дароо жатып, уктап калды. Ошондо эле ооруканага алып барсам, өлбөй калат беле деп өкүнөм.

Баламдын бөлмөсүнө бир ирет киргенде кусуп жиберген. Дароо жолдошума айттым. Ал тез жардам кызматында иштеп жүрүп, диагноздорду билип калган. “Баш мээ чайкалган” деди. Жолдошум көчөгө чыкканда баламдын бир досу өтүп баратыптыр. Аны токтотуп, "кечээ эмне болду эле?" деп сураса, уулум менен Шумкар мушташканын айтыптыр. Дароо Шумкардын үйүнө бардым, ал уктап жатыптыр. “Эмне талашып мушташтыңар?” десем, “балаңыз кыздардын сумкасын көтөрбөй эле койчу деди” деп болбогон сөздү айтты. Досуңду азыр ооруканага алып барабыз, мээси чайкалыптыр, телефону да жок, таап койгула дедим да үйгө чуркадым. Үйгө келсем, балам уктап жатыптыр. Баарыбыз эле уктап турса, айыгып кетет деп ойлодук. Себеби эч жери көгөргөн эмес болчу. Үйгө келин келет деп уста дагы жалдаганбыз. Үйүбүздүн чаң болуп калган полун жууп жатсам саат 12:00 чамасында баламдын кырылдаган үнү угулду. Бөлмөсүнө чуркап кирип, атасы жүрөгүнө массаж жасады. Мен башынан кармап отурдум. Баламдын көзүнөн жаш агып, оозунан көбүк чыгып, бир сөз айта албай көз жумду. Балам өзү дагы бир шишиктин кесепетинен өлүп калам деп ойлобосо керек», - деди Айнура Асанова.

Маркумдун атасы Камчы Мурзаев уулун сабаган балага дароо кылмыш иши тергелип башталбаганын айтты.

«Шумкар менен балам параллель класста окушкан, бирок бир дагы жолу чогуу сүйлөшүп турушканын көргөн эмесмин. Окуя Ош шаарындагы "Алтын-Ордо" банкет залында фуршет убагында болуптур. Жаштар эс алып жүрүп, уулум менен Шумкар экөөнүн ортосунда чыр чыгып, уруша кетишиптир. Баламдын башынан башка эч жери көгөргөн эмес, аны урганда эле жыгылып калган. Шумкар башына чыгып секирип, тепкилеген деп ойлоп жатам. Эгер катуу буюм менен урса башы жарылып, териси сыйрылып, кан чыкмак. Баш сөөгү жарылып, кан мээге жай ага берген. Андай учурда адам кыймылдап жүрө берет, бирок мээге кан уюп калат. Балам каза болгондо Шумкардын атасы келип: "Балаңар спирт ичимдигин ичиптир" деди. Уулум намаз окуган, ичимдик ичпеген бала эле.

Жубайым каршы болгонуна карабай уулумдун денесин соттук-медициналык экспертизага алып бардым. Ал жактан алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталды. Баламды акыркы сапарга узатуу менен алек болуп, 3-4 күн өткөндөн кийин тергөө иштери эмне болуп жатты экен деп тергөөчүгө баргам. Ал 2 эле адамды суракка чакырыптыр. Бир адам таяк жесе, карап турган 50 адамды суракка чакырат го. Бул жерде 26 жаштагы адам каза болсо, тойдогу ошончо адамдын ичинен 2 эле адам суралыптыр. Фуршет өткөн банкеттик залдын сыртындагы видеокамера ошол күнү иштебей калыптыр. Соттук-медициналык экспертизадан берилген кагазда болсо уулумдун баш сөөгүндө канча мм же см жарака бар экендиги жазылган эмес, журналга да жазылбаптыр. Менин нааразычылыгымдан тергөөчүнү алмаштырып коюшуптур. Бирок мен мурдагы тергөөчүнүн жумуштан бошотулушун талап кылам. Тергөөчү 7 күн бою 2 адамды гана суракка чакырса, демек акча алышы мүмкүн», - деди маркумдун атасы Камчы Мурзаев.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев аталган кылмышка шектүү катары Жылкелди айылынын 1994-жылы туулган тургуну Ч.Ш. кармалып, 2 айга камакка алынганын билдирди.

«9-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө медицина кызматкерлери тарабынан 26 жаштагы жигиттин өз үйүндө каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Мушташ Ош шаарындагы тойканалардын биринде болгон. Эки жигит сөз талашып, сырттан мушташа кетишкен. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, шектүү кулак тушка тепкенде маркум маңдайы менен жерге жыгылып, баш мээсине кан уюп калган деген тыянак чыгарылган. Экөөнү айылдаштары ажыраткан. Каза болгон бала дароо ооруканага кайрылбастан үйүнө барып, башым ооруп жатат деп жатып алган. Учурда шектүүгө Жазык кодексинин 138-беренесинин 2-3-пунктунун негизинде (ден соолукка оор зыян келтирүү) айып тагылып, баш коргоо чарасы Кара-Суу райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алынды», - деди Жеңиш Аширбаев.

Ал эми Кара-Суу райондук соттук-медициналык экспертизанын кызматкери сот отурумунда жүргөнүн айтып, кыскача жооп берди.

«Атасы айтып жаткан жараканын канча мм же см экени корутундуга жазылат. Ал эми атасына өлүмү тууралуу аныктама гана берилип, ага диагноз жазылган. Корутунду 1 айдан кийин чыгат, ага денесинин ар бир бөлүгүндөгү чекити жазылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×