Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 23.09.2019 14:14

Аксыда айыл өкмөттөр арасында спорттук мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 23-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда айыл өкмөттөр арасында спорттук иш-чара өткөрүлүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, спорттук мелдеш «Аксы жаштары» демилгелүү тобу тарабынан уюштурулду.

«Спорттун футбол жана волейбол түрлөрү боюнча Ак-Жол жана Жаңы-Жол айылдарында ачык турнир болуп, ага райондогу айыл өкмөттөрдүн командалары катышып жатат. Спорттук мелдештин максаты жаштарды ынтымакка, биримдикке чакыруу болуп саналат. Оюндун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен командаларга баалуу белектер тапшырылат», - деди уюштуруучулардын бири Алмазбек Жуматаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×