Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.09.2019 21:18

Айыл турмушу: Ф.Стамкулова 26 жылдан бери балдарга комуз черткенди үйрөтөт

Turmush -  Аксы районунун 68 жаштагы тургуну Фарида Стамкулова 26 жылдан бери М.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 5 жашынан баштап эле комуз чертет.

«Менин комуз чертип калышыма атам Ысак Стамкуловдун салымы чоң. Атам төкмө акын, обончу болгондуктан колунан комуз менен аккордеон түшчү эмес. Үйдө отурганда дагы ырдай берчү, анан ар бирибиз үчүн комуз чаптырып берген. Атам өзү өнөр адамы болгону менен биздин комуз чертип, ырдаганыбызды каалачу эмес. Бирок өзүбүздүн каалообуз болгондуктан бизге комузду үйрөттү. Мектепте коомдук, маданий иш-чараларда комуз менен ырдап калдым. Талантымды байкап калган атам күүлөрдү чертүүгө өзү багыт берип, үйрөттү.

1973-жылы райондо үй-бүлөлүк фольклордук сынак болуп, ага атам болуп биздин үй-бүлөнүн атынан 6 адам катыштык. Ошентип сынакта баш байгени утуп алганбыз.

Үйгө белгилүү обончу жана ырчы Рысбай Абдыкадыров келгенде атам бизге комуз черттирчү», - дейт ал.

Ф.Стамкулова мектепти аяктаган соң музыкалык окуу жайдан билим алып, кийин бул багытта иштеп кеткен.

«Ош облусундагы педагогикалык институттун музыка факультетинде билим алдым. Окуумду аяктап эле, ошол жерге ишке орноштум. Ал кезде Санабай Шабданов деген комузчу агай ансамбль түптөп, мен ага мүчө болуп кирдим. Ар кандай мамлекеттик иш-чара жана мааракелерде комуз чертип ырдачубуз. Кийинчерээк шартка байланыштуу Жалал-Абад шаарына көчүп келип, М.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде комуздан жаш муундарга сабак берип иштеп калдым. Бул жерде иштегениме быйыл 26 жыл болду. Мен тарбиялаган окуучулар учурда комузчу болуп, эл аралык сынактарга катышып жатышат.

Учурда жаштардын көбү элдик аспаптарды үйрөнүп жатканы кубантат. Көпчүлүк ата-энелер балдарын алып келгенде алардын шыгына карап кабыл алабыз. Айрым балдардын кызыгуусу жок болсо деле ата-энелери алып келишет, кээ бирөөнүн үнү жакшы болот. Аларга багыт берүү керек», - дейт ал.

Ф.Стамкулова 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×