Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.10.2019 11:50

Аксы райондук электр тармактар ишканасы кышка даярдык көрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүн кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз, сапаттуу камсыз кылуу максатында кошумча 100 кВт кубаттуулуктагы жаӊы трансформатор коюлду. Бул тууралуу «Жалал-Абад электр» ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жылдан-жылга электр энергияга болгон муктаждык жана керектөөчүлөрдүн саны өскөндүктөн кошумча трансформатор орнотуунун зарылдыгы келип чыккан.

«Кашка-Суу айыл өкмөтүндө керектөөчүлөрдүн саны кескин өскөндүктөн Аксы райондук электр тармактар ишканасы тарабынан кошумча 100 кВт кубаттуулуктагы жаӊы трансформатор коюлду. Жашоочулардын короосунда курулуп калган 10 даана электр мамычалар короонун сыртына көчүрүлүп, кошумча 7 бетон электр мамылар орнотулду. Жалпысынан 0,4 чакырым аба чубалгылары тартылды.

Ал эми Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жылгын айылындагы электр мамычалар чирип, айрымдары авариялык абалды жаратып турчу. Мындан улам 16 жаңы бетон мамыча орнотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×